Испаниянын Валенсия шаарында букалар менен жарышуу фестивалында акыркы 2 күндө 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Валенсия шаарында 3 адам буканын тебелендисинде калып башынан оор жаракат алып каза болушкан. Алардын экөө испандыктар, бир жаран Франциядан келген турист болгон. Жалпы быйылкы жылдын эсебинен 478 адам бука жарышынан жаракат алганы айтылат.
Жаныбарлардын укугун коргоочу топ мындай мыкаачы, өмүргө коркунуч алып келген салтты токтотуу керектигин талап кылууда.
Белгилей кетсек, Испанияда жыл сайын жайында бука жарыш фестивалы өтөт. Анда көчөгө сейилдөөгө чыккан элдин арасына букаларды вагондорго салып келип бошотуп жиберишет.
Абай районунун Бестерек айылында Тойота айдап, өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен жаран адамдарды тааныбай жатканын Tengrinews.kz Жетинчи каналга шилтеме берүү менен билдирди....
Кечээ, 19-августта Казакстандын Абай облусунун Үржар районундагы Бестерек айылында Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу балдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. ...