Испанияда фестиваль учурунда шамал сахнаны учуруп кеткен. 1 адам каза болуп, 17 адам жаракат алды (видео)

Испанияда 13-августта «Медуза» фестивалында катуу шамал бир нече металл конструкцияларды жана сахнаны учуруп салган. 1 адам каза болуп, 17 адам жаракат алган. Бул тууралуу El Pais кабарлады.

Окуя эртең менен Кульера муниципалитетиндеги Валенсия автономиясында болгон. Каза болгон 22 жаштагы жигит, ага сахнанын бир бөлүгү тийген. Жабыркагандардын арасында үчөө оор, дагы 14ү жеңил жаракат алган.