Испанияда коронавирустун жайылышына эксперимент жасоо үчүн концерт коюлду

Испанияда бийлик өкүлдөрү коронавирустун жайылышына эксперимент жасоо үчүн Барселона шаарында 5 миң кишиге концерт койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган концертке киргенге чейин келген көрүүчүлөрдүн бардыгы COVID-19 үчүн экспресс-тест тапшырып, беткап кийип, бирок аралыкты сакташкан эмес.

Андагы экспериментке ылайык, концертке и келгендердин ден соолугу бир ай бою көзөмөлдөнөт. Эгер жыйынтык оңунан чыкса, уюштуруучулар муну менен коопсуздук чараларын сактап, пандемия учурунда деле оюн-зоок уюштурса болорун далилдешет.

Ошондой эле чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, пандемия башталгандан бери мындай Испаниядагы концерттегидей массалык түрдө элдердин чогулуусу Европада биринчи жолу катталды.