Испанияда планетанын эң кары адамы каза болду. Ал 117 жашта болчу

Планетанын эң кары адамы деп эсептелген Мария Браньяс Морера 19-августта Испаниянын түндүк-чыгышындагы Олот шаарындагы карылар үйүндө каза болду. Ал 117 жыл 169 күн жашаган.

2023-жылдын 17-январына карата ал планетадагы эң кары адам болгон. 

Мария Браньяс Морера 1907-жылы 4-мартта Сан-Францискодо туулган. 1915-жылы анын үй-бүлөсү Испанияга көчүп барган. 1931-жылы ал дарыгер Жоан Моретке турмушка чыккан. Алардын 3 баласы, 11 небереси жана 13 чөбөрөсү бар. 

1990-жылдары Браньяс дүйнөнү кыдырган. 2000-жылдан бери карылар үйүндө жашайт. 2019-жылы ал расмий түрдө Испаниянын эң улгайган тургуну деп таанылган. 2023-жылдын январында Гиннесстин рекорддор китеби аны 118 жашында Люсиль Рэндон каза болгондон кийин расмий түрдө дүйнөнүн эң кары адамы деп тааныган.