Атың чыкпаса! Шиштака менен чуркаган эркек рекорд койду

Испанияда шиштакачан эркек 100 метрди 12,82 секунд ичинде чуркап, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.

34 жаштагы Кристиан Роберто Лопес Родригес жети сантиметр бийиктиктеги шиштаканы тандап алган. Испаниялык катышуучу бул ийгилиги менен буга чейин 2019-жылы рекордду жараткан германиялык Андре Ортольфты артта калтырды. Ал ушундай эле аралыкты 14,02 секундда чуркап өткөн болчу.

Кристиан Роберто Лопес Родригес — Гиннесстин рекорддор китебине 57 жолу түрдүү рекорддор менен киргендиги менен таанымал. Ал 100 метрлик аралыкты эң кыска убакытта көзү байлануу жана кап ичинде чуркап, рекорд жараткан.