Испанияда суу ташкындан каза болгондордун саны 158 адамга жетти

Испанияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкын акыркы 50 жылдагы эң чоң сел болду.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 158 адамга жетти. Кеминде 155 адам Валенсия автономиясында, дагы экөө Кастилья-Ла-Манчада, бир адам Пайпорта муниципалитетинде каза болду.

EL Pais жана El Mundo басылмасынын маалыматына караганда, суу каптаган жолдордон 300гө жакын адам тыгынга учурап, көптөгөн муниципалитеттер ичүүчү суусуз калышты. Валенсияда 75 миңдей адам электр жарыгысыз калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган жайлардан жана унаалардан сөөктөрдү издөөнү улантууда.