Италияда 31 жыл мурда комага түшкөн аял каза болду

Италияда 31 жыл комада жаткан аял каза болду. Ал 1991-жылы жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн.

Мириам Висинтин 1991-жылы Рождество майрамында айдап бара жаткан унаа мамыга урунган. Аял башынан оор жаракат алып, өлүм алдында турган, бирок дарыгерлер анын өмүрүн клиникалык шартта сактап калууга жетишкен.

Аялдын жолдошунун айтымында, алар кырсыкка кабылганда баш кошконуна 18 ай гана болгон. Күйөөсү 30 жыл бою «бир күнү ойгонот» деген үмүт менен анын ооруканадагы керебетинде күн өткөрүп жашаган.

«Кырсык болгондо үйлөнгөнүбүзгө бир жарым жыл эле болгон. Биз жаш болчубуз жана көптөгөн пландар бар болчу. Ал балдарды абдан жакшы көрчү. Ал акыры бейишке кетти», — деди жолдошу.