Италияда 32 жыл түрмөдө жаткан адам акталып чыкты (видео)

27-январда Римдин Апелляциялык соту түрмөдө дээрлик 33 жыл отурган адамды толук актады. Бул Италиянын сот системасынын тарыхындагы эң чоң жаңылыштык экенин укук коргоочулар ырасташууда.

Euronews телеканалы маалымдагандай, үч киши өлтүргөн деп өмүр бою эркинен ажыратылган адам адвокаттарын алмаштыргандан кийин иш кайра каралды.

Беньямино Дзункедда 1991-жылы январь айында 26 жашта болчу. Кол салуудан аман калгандардын бири болгон күбө аны көрсөткөндүктөн, ал киши бир айдан кийин камакка алынган. Негизинен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, Дзункедда кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин айтканына карабастан, 1992-жылы июнда өмүр бою эркинен ажыратылган.

2017-жылы жаңы адвокат ишти колго алып, бир катар карама-каршылыктарды аныктап, кийинчерээк башкы күбө да кол салуучунун жүзүн көрбөгөнүн мойнуна алып, өз көрсөтмөсүнөн баш тарткан. 2023-жылдын ноябрында Беньямино Дзункедда бошотулуп, 27-январда апелляциялык сот анын күнөөсүз экенин тастыктады. Ал эми 3 адамды ким өлтүргөнү азырына аныктала элек.