Италияда асма жол үзүлүп кетип, 14 адам көз жумду. Кырсыктан жалгыз 5 жашар кыз аман калган (видео)

Италиялык маалымат каражаттары 23-майда болгон Стреза-Моттароне асма жолундагы кырсыктын видеосун жарыялады. Кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, 5 жаштагы кыз гана тирүү калган.

Окуядан кийин тогуз жана беш жаштагы балдар оор абалда ооруканага жаткырылган. Алардын бири кийинчерээк ооруканада көз жумган. Кабина адамдарды курорттук Стреза шаарынан Пьемонттогу Моттарроне тоосуна жеткирип, 300 метр бийиктикте токойлуу тоонун четине кулап, куткаруу иштерин кыйындаткан. Кийинчерээк Италиянын Башкы прокуратурасы кырсыкка шектелген үч адамды кармады. Тергөөнүн версиясы боюнча, кабина жылып турган кабель авариялык тормоз тутумунун иштен чыккандыгына байланыштуу үзүлүп калган. Муну кызматкерлер билишкен.