47 жаштагы италиялык Маурицио Калорио жарандык турмуштагы жубайы экөө кыздуу болушат. Пандемияга байланыштуу алардын баш кошуу салтанаты улам жылып келген. Күтүлбөгөн жерден Мауриционун жүрөгү токтоп, тез арада жүрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасатуу керек болот. Тилекке каршы, керектүү донор табылбай, Калорио канча жашары арсар болуп, жарандык жубайы Сильвия экөө ооруканада үйлөнүүнү чечишет. Бактыга жараша, үйлөнгөндөн бир нече сааттан кийин жүрөктү алмаштырууга ылайыктуу орган табылып калат да, ошол түнү ага 7 сааттык операция жасалган. Учурда жүрөгүн алмаштырган Маурицио Калорио оңолүү жолуна баратканы айтылат.
Индиядагы түнкү клубдан чыккан өрттөн улам 25 адам көз жумду (видео)
Индиянын Гоа штатынын түндүк тарабындагы популярдуу түнкү клубда чыккан өрттүн кесепетинен кеминде 25 адам каза болду. Полициянын маалыматына ылайык, каза...













