Италиялык модельер Жоржио Армани 91 жашында каза болду

Италиялык дизайнер Жоржио Армани 91 жашында каза болгонун Reuters агенттиги билдирди.

Армани өзүнүн дизайнерлик таланты менен иш билгилигин айкалыштырган, жылдык сатуусу 2,3 миллиард еврого (2,7 миллиард АКШ доллары) жеткен компанияны башкарган.

Дизайнер бир топ убакыттан бери ооруп жүргөндүктөн, июнь айында Миландагы эркектердин мода жумалыгында өз тобунун көргөзмөлөрүнөн баш тартууга аргасыз болгон.

Армани 1934-жылы 11-июлда Италиянын Пьяченца шаарында төрөлгөн. Ал Giorgio Armani брендин жана Armani компаниясын негиздеген.