Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони 86 жашында каза болду

Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони 86 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Мурдагы өкмөт башчы 9-июнда Милан шаарындагы оорукананын кардиологиялык бөлүмүнүн реанимациясына жеткирилген болчу.

Сильвио Берлускони Италиянын өкмөтүн 1994-1995-жылдары, 2001-2006-жылдары жана 2008-2011-жылдары жетектеген. Ал европалык мамлекеттин өкмөтүн башкарган биринчи мультимиллиардер катары таанымал.