Дээрлик бир айдан бери Түркияда изделип жаткан альпинисттин сөөгү табылды

Дээрлик бир айдан бери Түркиянын Анталия тоолорунан изделип жаткан альпинисттин сөөгү табылды. Яна Кришовея аттуу альпинист Украинанын Одесса шаарынан барган. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

42 жаштагы альпинист 1-майда Түркияга учуп барып, 2-майда туугандарына акыркы жолу байланышка чыккан. Анын 10-майга мекенине кайтууга алынган билети болгон, бирок учуп келген эмес. Мына ошондо альпинисттин жакындары коңгуроо кагышып, эки өлкөнүн куткаруучулары тарабынан издөө иштери башталган. Кечээ, 28-майда аялдын сөөгү тоонун этегинен табылды. Ал тоодон кулап түшүп каза болгон деп божомолдонууда. Маркумдун жакындары Яна Кривошея уурдалган болушу мүмкүн деп жатышкан. Каза болгон альпинисттин өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн экспертизага жиберилди.