Израиль биринчилерден болуп жаныбарлардын терисин сатууга тыюу салды

Израиль кийим үчүн жаныбарлардын терисин сатууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Мындай буйрукка өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль айым кол койгон.

«Тери индустриясы дүйнөдө миңдеген жаныбарлардын өлүмүнө себеп болуп жатат», — деген министр бул сүрөттөй албаган мыкаачылык жана кыйноо экенин белгилеген. Муну менен Израилдин мода дүйнөсүн экологиялык таза кылууга аракет көрүшөт. Жергиликтүү активисттер жаныбарлардын терисинен кийим тигүүгө чек коюуга багытталган мыйзам долбоорун 2009-жылдан бери эле сунуштап келишкен. Муну израилдиктердин 86 пайызы колдогонун айтышты.