Израиль коронавирусту жеңип чыкканын жарыялады

A man dances with his child as Israeli soldiers perform for residents in a bid to assist civilians as they observe government stay-at-home orders to help fight the spread of the coronavirus disease (COVID-19) in Tel Aviv, Israel April 7, 2020. REUTERS/Amir Cohen

Бүгүн, 5-мартта Израиль коронавирусту жеңип чыкканын жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Израиль коронавирустан чыккан биринчи өлкө болду. Пандемия маалында берилген «жашыл паспорттор» менен биздин эл ресторандарга, театрларга, спорттук иш-чараларга бара алышат”,- деп билдирген премьер-министр Нетаньяху.

Ошондой эле ал Израиль марттын аягына чейин өлкөнүн бардык улуу муундагы калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүп, чек араларын апрелге чейин толугу менен ачууну пландап жатарын кошумчалаган.