Израилдин аскер-аба күчтөрү Газа тилкесин көздөй бир жумада экинчи ирет сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Мындай чаралар палестиналыктардын күйүүчү май куюлган аба шарларын Израилди көздөй коё бергенине карата көрүлгөнү айтылды. Палестина тараптан өрттүн чыгышына себепкер болуп жаткан мындай шарларды коё берүүнүн артынан эле аба соккулары урулган. Бул окуя Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы араң турган тынчтыкты бузуп, элдешүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени белгиленди. Израилдин коргоо министрлигинин билдирүүсүндө аба соккулары Газадагы аскердик объектилерди карай урулганы көрсөтүлгөн.