Израилде коронавирустан бир нече күндүн ичинде айыктыра турган дары сыноодон өтүп жатат

Израилдин Хайфа шаарындагы илимпоздор коронавируска чалдыккан адамдарды бир нече күндүн ичинде калыбына келтире алган «MesenCure» аттуу жаңы дарыны сыноонун экинчи этабына киришти. Бул сыноонун биринчи этабына 9 бейтап катышкан. Биринчи сыноо ийгиликтүү аяктап, экинчи сыноо жүрүү алдында турат. Бул тууралуу Израилдин «Mynet» порталында маалымдалды. Илимий сыноолор дүйнөгө белгилүү болгон «Rambam» клиникасынын базасында өтөт.

Маалымат боюнча, биринчи сыноо жүргүзүүдө вирустун оор түрүнө чалдыккан бейтаптар бир нече күндүн ичинде вирустан айыгып, ооруканадан чыгышкан. Илимпоздордун айтымында, бул коронавируска каршы дарыны сыноодо 2 бейтап баш тартып, бирок алар вирустан каза болуп калышкан.