Израилдеги башаламандыкта 400 адам кармалса, 46 жаран жаракат алды (сүрөт, видео)

Израиль полициясы өлкөдөгү башаламандыкка катышкан 400 жаранды кармады. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кагылышуу учурунда 36 полиция кызматкери жана 10 катардагы жаран жаракат алса, 1 араб көз жумду.

Агенттиктин маалыматына караганда, Бат-Ямдын четинде израилдиктердин радикалдык көз караштагы калың тобу араб деп эсептеген кишини унаадан чыгарып, эс-учун жоготкончо сабап салышкан. Ооруканадан жабырлануучунун абалы оор экендигин, бирок анын аты-жөнү тактала электигин билдиришти. Ал эми The Times of Israel басылмасы полиция тарабынан кармалган демонстранттардын арасында Бат-Ямдагы арабга кол салууга тиешеси бар деп шектелген 6 адам бар экенин жазды. 

Израилдин президенти Реувен Ривлин «бул акылсыздыкты токтотууга» чакырып, «өлкө жарандык согушка чөгүп кетти» деди. Окуяларга ушундай эле баа Тель-Авивге жакын жерде жана массалык баш аламандык болгон Лод шаарынын мэри тарабынан берилген. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху еврейлер менен арабдарды бири-бирине кол салууну токтотууга чакырды.

Башаламандык Израиль менен Газа тилкесинин ортосунда болуп жаткан жаңжалдын жүрүшүндө болду. Түн ичинде бир нече саат бою Израилдин түштүк, борбордук жана түндүк бөлүктөрүндө, ошондой эле жергиликтүү жерлерде коңгуроо сигналдары угулду. The Times of Israel гезити билдиргендей, Газа тилкесинен атылган ракетанын сыныктары Тель-Авивдин Ришон ле-Циондогу үйлөрдүн бирине түшкөн, эч ким жабыркаган эмес. Израиль бийлиги менен палестиналыктардын ортосундагы чыр 7-майда Чыгыш Иерусалимде Храм тоосуна жакын жердеги мусулмандарды үйлөрүнөн чыгаруу процесси башталганда күч алган. Нааразычылык акциялары полиция кызматкерлери менен кагылышуу менен коштолгон.

Бүгүн, 13-майга карата Газа тилкесинде каза болгондордун саны 67 адамга жетти. Анын 17си балдар. Ал эми Израиль тараптан 7 адам көз жумган.