Израилди айыптап, Түркиянын саясатын сындап жаткан депутат трибунада кулады (видео)

Түрк парламентинин депутаты Хасан Битмез бюджетти талкуулоо учурунда Израилди Газа тилкесиндеги аракеттери үчүн айыптап, түрк өкмөтүнүн Израилдин ХАМАС менен согушуна байланыштуу саясатын сындап жаткан учурда жыгылып, трибунанын артындагы тепкичке башы менен кулаган. Бул тууралуу NTV жазды.

«Тарых үнүн чыгарбаса да, чындык унчукпай койбойт. Бизден кутулгандан кийин эч кандай көйгөй болбойт деп ойлошот. Бирок бизден кутулсаң да, уяттан кутулбайсың. Тарыхтын азабынан кутулсаң да, Кудайдын каарынан кутула албайсың», – деп Битмез жыгылган. 

Төрага жыйынды 20 мүнөткө токтоткон. Ал эми депутат жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аны кан айлантуу аппаратына жаткырышкан. 53 жаштагы депутаттын абалы оор деп бааланууда.