Чач жасалганын айынан баш аламандык… Израилдин премьер-министринин жубайы элдин кыжырын кайнатууда

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяхунун жашоо образы, ошондой эле кымбат кийинип, чач жасалгалоо адаты Тель-Авивдеги баш аламандыкка алып келди. Бул тууралуу Lenta.ru билдирди.

Кечээ, 2-мартта израилдиктер Тель-Авивдин борборундагы сулуулук салонуна кол салууга аракет кылышкан, ал жерде мурда стюардесса болуп иштеген премьер-министрдин 64 жаштагы жубайы чачын жасатып жаткан. Митингчилер Сара Нетаньяху Израилдин салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен «люкс» жашоодо жашап жатат деп айыпташкан. 

Кошумчалай кетсек, ал күйөөсүнүн коррупциялык схемаларына бир нече жолу катышканы байкалган.