Коронавируска чалдыккандарга эмне үчүн чирик жыттанат? Дарыгердин жообу

Жогорку категориядагы оториноларинголог Владимир Зайцев коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдарга эмне себептен чирик жыт келе бергендигин түшүндүрдү. Анын айтымында, COVID-19 ринитти пайда кылышы мүмкүн жана ал өз кезегинде гаймор көңдөйчөсүнүн сезгенишин шарттайт. «Сезгенүү пайда болгондо, мурундун көңдөйчөсүнүн былжырлуу кабыгы гана шишип кетпестен, сасык жыт күчөйт. Анткени күн сайын көңдөйчөнүн сезгениши өөрчүй берет», — деген дарыгер URA.RU менен болгон маегинде. Ал ошондой эле көңдөйчө тазаланганда гана жагымсыз жыт жоголуп кетерин белгиледи. Ушундай белгилер пайда болгондо, Зайцев дарыгерге көрүнүүнү сунуштады. 

Ринит — бул мурундун былжыр челинин сезгенүүсү.