Жакшылыктын эрте-кечи жок. Түгөйлөр 60 жыл жашаган соң той өткөрүшкөн

Шотландиялык түгөйлөр, 90 жаштагы Алекс Гамильтон жана 89 жаштагы жубайы Жейн 60 жыл түтүн булатып жашагандан кийин үлпөт тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түгөйлөр алгач 1956-жылы таанышкан. Ал кезде Алекс да, Жейн да үй-бүлөлүү болушкан. Кийинчерээк экөө тең турмушунан ажырашып, 6 жылдан кийин кайра табышат. Көпкө узабай Алекс Гамильтон Жейндин колун сурап, экөө чогуу түтүн булатып башташат. Бирок убактылары тар болгондуктан той өткөрүшкөн эмес.

60 жыл чогуу жашагандан кийин, Алекс 90 жашка келгенде бала-чака, неберелеринин курчоосунда үйлөнүү тоюн белгилешти. «Адатта улгайган куракта адамдар акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу ойлонушат эмеспи. Ата-энебиздин үйлөнүү тою биз үчүн чоң майрам болду», — деген кызы. Кызынын айтымында, атасы тартынчаак, ал эми апасы жаркылдаган, куунак айым. Улгайып калса да экөө бат-бат ресторандарга барып, «свидание» уюштуруп турушарын кошумчалаган.