Жактоочу: «Бишимбаев Нукенованы үч жолу эле урган»

Бүгүн, 3-майда Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз кезеги боюнча айыпталуучунун жактоочулары сүйлөп жатышат.

Экс-министрдин жактоочусу Ерлан Газымжановдун айтымында, Бишимбаев Нукенованы чогуу жашап жаткан учурда үч жолу эле урган.

«Жыл ичинде ал аны үч жолу эле урган. Бирок алар чогуу эс алып, каалаган жакка барып, тамак жеп, кымбат кийим кийип жүргөн. Ошол эле учурда уруп-сабоо үч жолу гана болгон. Анда ар бир үй-бүлөгө кийлигишип, ар бир күйөөгө 4 жылдан 7 жылга чейин мөөнөт берели», — деди ал.

Жактоочу Бишибаевди аялын атайын өлтүрүү боюнча ак экендигин далилдөөгө аракет кылды.

«Бишимбаев Нукенованын өлүмүнөн кандайдыр бир пайда көрүшү керек беле? Айыптоодо ага жооп таба албайсыз. Өлтүрүүнү каалаган, бирок эмне үчүн деген суроого прокурор бизге жооп берген жок», — деди ал.

Андан ары жактоочу адамды кантип өлтүрүүгө болмок жана издерди жашыруу тууралуу айтып берди.

«Эгерде Бишимбаев өлтүрмөк болгон деп элестетели, бирок ал муну өз колу менен кылмак беле? Эч ким Бишимбаевден күнөө издебей тургандай кылып, кесипкөй адамды жалдоо коопсуз болмок. Бишимбаев өз колу менен өлтүргүсү келген дейли. Андай болсо, ал алдын ала өлтүрүүгө курал даярдамак. Нукенованы шаардан тыш бир жерге алып барып, өлтүрүп, талаага көөмп деле коймок», — дейт жактоочу.