Глобалдык жылуулуктун — муздун эрип, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу бир нече арал-мамлекеттеринин жок болушуна алып келет. Бул тууралуу «Экспресс» гезити жазып чыкты.
Климаттын өзгөрүшүнө дуушар болушу мүмкүн болгон аймактарга Кирибати, Тувалу жана Маршалл аралдары кирген. Кирибатидеги глобалдык экологиялык бейөкмөт уюм болгон Климаттык аракеттер тармагынын координатору Пелениза Алофа БУУнун Глазгодогу саммитинин арал мамлекети үчүн өтө маанилүү окуя экенин айтты. Ал деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана күчөгөн тропикалык бороон-чапкындар аймактагы адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч туудурарын эске салды. Кирибатинин мурдагы президенти Аноте Тонг Глазгодогу COP26 саммитинде сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүшү анын өлкөсү үчүн туудурган коркунучтар тууралуу айтып берген. «Ал Австралиянын бул багыттагы саясатын сынга алды» деп айтылат макалада.