Жакында Орусиядагы мигранттар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп башташат

Коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, ошондон тарта Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Анастасия Раковага таянып РИА Новости жазды.

«Москва облусунда иштеген эмгек мигранттары жана башка өлкөнүн жарандары эмдөө пунктуларынан акысыз коронавируска каршы вакцина алса болот. Эмдөөдөн өтүү үчүн каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин аталган шаарда мигранттарды июль айында эмдөөдөн өткөрүү пландалып жатканы маалымдалган.