36 жаштагы казакстандык бийчи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай АКШны багынтып, Tommy Hilfiger, Adidas сыяктуу кийим чыгаруучу компаниялардын мода көргөзмөлөрүнө катышып келет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Дмитрий Ким Алматы шаарында жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Колледжди Орусиядан аяктап, кийин бийге кызыгуусу артат. Бийдин артынан АКШга көчүп келип, ал жакта модель катары да өзүн сынап баштаган. АКШга келгенине бир ай болгондо кырсыкка кабылып, бир бутун тизесинен ылдый кесип салышат. Ошондо да сынып калбай, өзүн колго алып, спорт менен машыгып келет. Учурда Дмитрий АКШда жарнамалык бизнес чөйрөсүндө ийгиликтүү иш алып барат.
«Акыркы кезде мен жарнамалык бизнес менен иш алып баруудамын. Tommy Hilfiger`дин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн чыгарган кийимдер көргөзмөсүнө модель болдум. Алардын баннер, көргөзмөлөрүнө көп катышам. Андан сырткары Marco Marco, Andrew Christian, Adidas менен кызматташып келем», — дейт модель.