Жакырдан миллионерге айланды. 1 балык пакистандыктын жашоосун өзгөрттү

Жакырчылыкта жашаган Пакистандын тургуну сейрек кездешүүчү балыкты кармап алып, миллионерге айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Пакистандагы Аравия деңизинин жээгинде балык уулаган жергиликтүү жашоочу сейрек кездешүүчү балыкты кармап алат. Сува деп аталган балыктын салмагы 48 килограмм 500 грамм чыккан. «Акыры жакыр турмуштан кутулат экем» деп сүйүнгөн балыкчы суваны аукционго койгон. Сейрек кездешкен сува балыгы 10 миллион рупийге (4 миллион сомдун тегереги) сатылган.