Жалал-Абадда «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилет

Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун экинчи этабы Жалал-Абад шаарында жүргүзүлүп, калаада камераларды орнотууга даярдыктар жүрүп баштайт.

Жалпысынан мэриянын айтымында Жалал-Абад шаары боюнча 12 көчөгө камера коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге көзөмөл камерасын орнотуу пландалып жатат.