Жалгыздык адамдын ден соолугуна спирт ичимдиктеринен да зыян экенин аныкташты

Ооруканага биринчи медициналык жардам алуу үчүн кайрылган улгайган адамдардын жарымынан көбү жалгыз. АКШ окумуштуулары бул фактор бейтаптардын жашоо сапатынын начарлашынын себептеринин бири экенин аныкташкан.

Адамдын ден соолугу көптөгөн факторлордон көз каранды. Белгилүү болгондой, жашоо образы чоң роль ойнойт: тамактануу, уктоо тартиби, физикалык активдүүлүк, адаттар. Бирок жаңы изилдөөгө ылайык, социалдык байланыштардын саны маанилүү фактор болуп чыккан. Илимий иштин жыйынтыгын Journal of the American Geriatrics Society журналы жарыялады.

АКШдагы Индиана университетинин, Регенстриф институтунун жана Цинциннати университетинин окумуштуулары 65 жаштан ашкан бейтаптардын маалыматтарын талдап чыгышкан. Ага акыркы 12 айда жок дегенде бир жолу дарыгерге кайрылган, Альцгеймер оорусу, деменция же психикалык оорусу жок, англис тилин билген жана изилдөөгө катышууга макулдукка кол коё алган 603 адам кирген. Улгайган бейтаптардын 53 пайызы өзүн жалгыз сезери аныкталган. Сурамжылоонун жыйынтыгында, ичкилик жана семирүү жашоонун сапатына жалгыздык сыяктуу таасир эткен эмес.