ТикТокто үйдү таза кармоонун жолдору менен бөлүшкөн колдонуучу күйөөсүнүн жалкоолугунан тажап, атайын эксперимент жасап көрүүнү чечкен. Аялдын бул жоругу тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ар дайым жалгыз, күйөөсүнүн жардамы жок үй иштерин жасагандан тажаган блогер күйөөсүнүн үй иштерине жардам бербей турганын далилдөө максатында 1 ай үй иштерин кылбай койгон. Жыйынтыгында үйү таштандыга толуп, кир кийимдери көрүнгөн жерде чачылып, ашканада кир идиштер ашып-ташып кеткен. Үйүндөгү башаламандыкты күйөөсү бат эле байкап, блогерди үй жыйнабайсың деп күнөөлөп баштаган. Акыры аялынын сыноосуна туруштук бере албай 3 жумадан кийин апасыныкына кетип калган. Жалкоо күйөөсүнөн кутулган блогер кайра үйүн тазалап, калыбына келитип алып тынч жашоого рахаттанып жашап жаткан чагы.