Жамбылдагы катуу шамалдан 49 адам жараат алып, 17 жаштагы жигит көз жумду (видео)

Казакстандын Жамбыл облусунда катталган катуу шамал жана бороон-чапкындан 49 адам дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тараз шаардык ооруканасына 41 бейтап кайрылган. Алардын төртөө ооруканага жаткырылып, калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Төрт бала облустук балдар ооруканасына кайрылып, алардын үчөө дарыланууга, бирөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Байзаков райондук ооруканасына төрт адам медициналык жардам сурап кайрылышкан, бирөө ооруканага жаткырылган, үчөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин чыгарылган.

«Жардам сурап кайрылган бейтаптардын көбү башы, колу жана бутунан жаракат алышкан, ошондой эле терезелердин жана көчө дарбазаларынын кулашынын кесепетинен жабыркаган», — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, 17 жаштагы жигиттин көз жумганы айтылды. Кырсык Жалпактөбе айылында болгон. Белгиленгендей, шамал учурунда өспүрүм үйүнүн чатырында болгон. «Жигитти жерге учуруп түшкөн. Тез жардам келгенге чейин көз жумду. Таразда шамалдын ылдамдыгы секундасына 38 метрге чейин жетти», — деп жазат басылма.