51 жаштагы австралиялык саякатчы Тим Шэддок жана анын ити Белла Тынч океандагы бороон-чапкындан кийин үч ай катамаранда калкып жүргөн. Бул убакыттын ичинде ал ити менен жамгырдын суусун ичип, чийки балык жешкен. Бул тууралуу 9 News жазды.
Апрель айында Шэддок ити менен Мексикадан чыгышкан. Ал 6000 километр аралыкты басып өтүшү керек болчу. Бирок жолдо ал бороон-чапкынга туш болуп, катамарандагы радио байланыштары бузулуп, кемени башкара албай калган.
Саякатчы жана анын ити үч ай бою ачык океанда калкып, өтүп бараткан кемелер куткарат деп күтүшкөн. Бул убакыт бою алар жамгырдын суусун ичип, чийки балыктарды жешкен. 6-июлда аны учактын учкучу байкап калган. Ал бул убакыт аралыгында жакшы эле оорчулукка туш болгонун, азыр ага тамак жана эс алуу керектигин айткан.