Жамгырга карабай буюртма жеткирип бараткан курьер сууга кулап түшкөн (видео)

Социалдык тармактарга Орусияда курьер болуп иштеген баланын жаанга карабай велосипед менен баратып, сууга кулап кеткен видеосу тарап, талкуу жаратууда.

Орусиянын Ижевск шаарында жаанда, көчөдө суу арыктагыдай агып жатканына карабай буюртма жеткирип бараткан курьер чуңкурга түшүп, сууга кулап түшкөн. Сууга түшүп калганына карабай ал биринчи телефонун колуна кармап, чалууга аракет кылган. Видео социалдык тармакта талкууга түшүп, айрымдар дарегине жетпей калган тамак үчүн ичи ачышса, айрымдар курьердин абалына боору оорушкан.