Түштүк Кореянын борбору Сеулда мотоцикл айдоочу бара жаткан жол оюлуп, айдоочу оюкка кирип кеткен. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. Каза болгон 33 жаштагы Пак аттуу адамдын жансыз денеси дээрлик 18 сааттан кийин табылган.
Жансыз дене 20 метр тереңдикте болгон. Маркум атайын жабдууларды кийип жүргөн.
Куткаруучулар масштабдуу операция жүргүзгөн. Алар сууну сордуруп, топурак чыгарышып, иш эртеси гана бүткөн. Алдын ала версия боюнча, кырсыкка суу түтүгүнүн жарылышы себеп болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram