Жаңы чыккан Threads’ти өчүрүү үчүн Instagram аккаунтту да өчүрүү керек болот

Threads социалдык тармагында ачылган аккаунтту кайра өчүрүү үчүн Instagram аккаунтту да өчүрүү керек болот. Жаңы Threads тиркемесин гаджетке орноткон колдонуучулардын ачууланган комментарийлери интернетте пайда болду. Колдонуучулар социалдык тармакка катталгандан кийин тиркемени өчүрүү үчүн Instagram баракчаны да өчүрүү керектигин аныкташкан. Бул тууралуу DailyMail басылмасы жазды.

Мета Threads аккаунту колдонуучунун Instagram аккаунтунун бир бөлүгү экенин ырастайт. Маалым болгондой, жаңы тиркеме чыккандан кийин 48 саатка жетпеген убакытта аны 70 миллионго жакын колдонуучу жүктөгөн.