Жаңы жылдык дасторкондун көркүн ачкан Оливье салаты тууралуу кызыктуу фактылар

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жаңы жылдык дасторкондун көркүн ачкан Оливье салаты тууралуу 6 кызыктуу фактыны топтоду.

1. Оливье француз аты. Ошондуктан, көптөр салат Францияда ойлоп табылган деп эсептешет. Ал эми чет өлкөлөрдө Оливье «орус салаты» деп аталат, ал тургай кээ бир өлкөлөрдө «советтик» деген да аты бар. 

2. Салатты Эрмитаж ресторанынын негиздөөчүсү, француз тектүү ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп тапкан. Ашпозчу салаттын курамын сыр кылган. Ошондуктан азыркыга чейин анын курамында эмне болгону белгисиз. 

3. Люсьен Оливье салаттын курамындагыларды кат-кат койгон. Бирок анын ресторанына келгендер аларды аралаштырып, ашпозчунун катуу нааразычылыгын жараткан. Убакыттын өтүшү менен Оливье мындай абалга баш ийип, ашпозчуларга салатты өздөрү аралаштырууну буйруган.

4. Салаттын курамы убакыттын өтүшү менен жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ошондуктан салатка туздалган бадыраң, колбаса кошула баштаган.

5. Оливьенин жасалышы 1884-жылдан бери ашпозчулар үчүн китептерде пайда болгон. Бирок курамы дайыма өзгөрүп турган, анткени авторлор ингредиенттерди жана алардын пропорцияларын дайыма алмаштырып турушкан.

6. Францияда Оливье кээ бир эл аралык ресторандарда берилет, бирок алар аны жалаң «орус салаты» деп аташат.