Индиянын Банихал шаарында төрөтканадагы дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайды өлүккө чыгарып, тирүүлөй көмүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кыз төрөлгөндө дарыгерлер аны чарчап калды деп ойлоп, 2 сааттай медициналык жардам көрсөтүлбөй жатып калган. Ата-энеси ымыркайды Холлан кыштагына көммөкчү болушат. Бирок айылдын жашоочулары алардын жерине көмүлүүсүнө каршылыгын билдирип, төрөткана жактагы күмбөзгө коюусун айтышкан. 1 сааттан кийин ата-энеси ымыркайды кайра казып алышат. Ошондо гана кызы тирүү экенин билишет. Ымыркай тез арада ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөң соң адистештирилген ооруканага жаткырылган.
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын туугандары дарыгерлердин шалаакылыгына арызданышып, райондук оорукананын төрөткана бөлүмүндөгү эки кызматкери иштен алынып, иликтөө иштери башталган.