Жаңы Зеландияда 450 чакты көк пингвиндин өлүгү жол четинен табылган

Жаңы Зеландияда Кейбл-Бэй айылындагы чоң жолдун четинен жүздөгөн көк пингвиндердин өлүгү табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жергиликтүү тургун Полин Уилсон айылдын ичине жагымсыз жыт келип баштаганын, алгач ага маани бербегенин айткан. Күн өткөн сайын жыт күчөгөндө жашоочулар чогулуп издеп, чоң жолдун четинде жүздөгөн пингвиндин өлүгүн көрүшкөн. Полиндин айтымында, ал аймакта пингвиндердин өлгөнүн көп көрүшөт. Бирок мынчалык көп пингвин болгон эмес. «Көк пингвиндер балык уулоочулардын торуна илинип өлүп калганда, ыргытып салышкан болушу мүмкүн» деп божомолдошот тургундар.

Жаратылышты коргоо министрлиги мындай көрүнүшкө климаттык кубулуш себеп дешет. Өлгөн пингвиндердин ичегилеринде эч нерсе жок болуп чыккан. Андыктан климаттык өзгөрүүдөн суу ысып, пингвин жечү балыктар башка жакка кетип, ачкалыктан өлгөн деп болжошкон.

Бир жарым айда жалпы 450 чакты пингвин өлгөн.