Жапайы жаратылыштагы жаныбарлардын эң күлкүлүү сүрөттөрү жарыяланды

Comedy Wildlife Photography Awards сыйлыгынын сүрөт сынагы аяктады. Калыстар 2023-жылдагы эң мыкты кадр австралиялык Жейсон Мурдун сүрөтү деп табышты. 

Сүрөттүн автору талаада батыш кенгуруларынын үйүрүн аралап өтүп бара жатып, алардын бирөөсүнө көзү түшкөн. «Мага ал гитарада ойноо үчүн машыгып жаткандай көрүндү», — деди Жейсон Мур.

Comedy Wildlife Photography Awards сынагы 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучулар фаунанын өкүлдөрүнүн эң күлкүлүү сүрөттөрүн жарыялашат.