«Жарнама кылбай эле коёюн». Казакстанда министр байпагы тууралуу суроого жооп берип жатып, баарын күлдүрдү

5-майда Алматыда юстиция министри Азамат Ескараевдин шаар калкы жана коомчулугу менен жолугушуусу болуп, анда юстиция тармагындагы маселелер каралды. Иш-чаранын катышуучулары анын адаттан тыш байпактарына көңүл бурушту. 

«Байпактарга келсек, алар улуттук стилде, мага жагат. Ал эми кайсы жерден алганымды жарнама кылбай эле коёюн», — деген министр залдын күлкүсүн, кол чабууларын жаратты.