Жарым миллиард Facebook колдонуучунун маалыматы ачыкка чыгып кеткени маалымдалууда

Facebook социалдык тармагынын 106 өлкөдөгү 533 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары жана телефон номерлери интернетте ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Business Insider басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, мындай кабар хакерлердин форумунда жарыяланган. Бул жеке маалыматтар менен иштегенди билгендер эми чабуулга кабылгандардын жашыруун нерселерин билип алышына жол ачты дегенди туюндурат.

Социалдык желеде АКШнын 32 миллион, Сауд Аравиясынын 28 миллион, ошондой эле Орусиянын 10 миллиондогон катталуучусунун толук аты-жөнү, локациясы, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүрөт. Hudson Rock киберкоопсуздук компаниясынын техникалык директору Элон Гэл интернет-чабуулдар аккаунттарды бузуп кирип пайда көрүү үчүн жасалып жатканын болжолдогон.

Гэл январда эле Telegram тармагындагы бот Facebook тармагынын 533 миллион колдонуучусунун номерин сатып жатканын айтып чыккан. Эми ал номерлер акысыз болуп жатканын белгилеген.

Facebook компаниясынын өкүлдөрү азыр буга үн ката элек. Аталган социалдык тармакты 2004-жылы Марк Цукерберг негиздеген. Facebook учурда Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.