Үнөмчүл адам хансарайын азык плёнкасы менен ороп, кичине шкафта жашайт

АКШнын тургуну Тодд Мориарти үнөмдүү жашайм деп чоң үйдүн ичиндеги бир шкафта жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Тодд Мориарти баасы 250 миң долларды чапчыган 3 уктоочу бөлмөсү, жуунучу жайлары бар хансарайда жашайт. Бирок ал үйүн эмеректери менен 34 миң долларга кымбат сатам деп пландап жүрөт. Ошого байланыштуу үйдүн ичин эмеректери менен кошо азык плёнкасы менен ороп салган. Өзү болсо шкафтын ичинде жашап келет. Тамак жылытканда микротолкундуу мешти колдонбой, тамакты контейнерге салып, жакузидеги сууга жылытат. Кир жуучу машинасы булганып же чийилип калбасын деп кийимдерин да жакузиге жууп келери айтылат.