Жашоо уланат… Түркияда зилзала болгон аймакта 10 күндө 5 миңге чукул ымыркай төрөлдү

Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда 6-февралдан бери 4627 бала төрөлдү. Бул тууралуу Хабер жазды. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркаган облустарда төрөлгөн бул ымыркайлардын энелерине жана төрөткө даярданып жаткан болочок энелерге кош бойлуулукту көзөмөлдөө жана эмчек сүтүнүн мааниси сыяктуу көптөгөн багытта колдоо көрсөтүүдө.

Бүгүнкү маалыматтарга караганда, Түркияда каза болгондордун саны 38 миңден ашты.