Жашоо үчүн күрөш. 64 жаштагы аял ага оролуп алган жылан менен 2 саат алышкан (видео)

Таиландда төрт метрлик питон пенсионердин үйүнө кирип барып, анын өмүрүн ала жаздады. Жылан үйдүн ээсине оролуп алып, аны муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Улгайган аял бир нече сааттан кийин гана бошонгонун Tengri Travel агенттиги кабарлады.

Independent порталынын маалыматына караганда, 64 жаштагы Аром Арунрож кечинде ашканада идиш жууп жатып, кимдир бирөө анын бутун тиштеп алганын сезген. Ал ылдый карап, чоң питонду көргөн. Саналуу мүнөттөрдүн ичинде жылан пенсионерге оролуп, кыса баштаган. «Мен кыйкырып кошуналарымды чакырууга аракет кылдым, бирок мени эч ким уккан жок. Өлүп калам го деп ойлодум»,- деди ал. 

Пенсионердин питон менен кармашы 2 саатка созулган, бул убакыттын ичинде ал кыйкырып, жардамга чакырган. Анын үйүнүн жанынан өтүп бара жаткан кошунасы жардам сурап, жалынып жаткан үндөрдү угуп, полиция чакырган. Аромду питондон бошотуу үчүн куткаруучуларга 30 мүнөттөй убакыт талап кылынган, кийин алар жыландын салмагы 20 килограммга жеткенин билдиришкен. Аял тез арада ооруканага жеткирилген.