КазакстандынТүркстан облусунда эки баласын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Буга чейин аялды издөөгө облустун, кошуна облустардын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. «Ыкчам кызматкерлер шектүүнү Шымкент шаарындагы мейманканалардын биринен кармашкан. Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча бардык жагдайларды аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү аял камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.
7-февралда Түркстандагы ижарага алынган батирлердин биринен эки баланын жансыз денеси табылган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн балдардын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн. Балдардын апасы буга чейин издөөдө жүргөн. Кылмышка шектүү Кызылорда облусунун тургуну. Ал курбусуна балдардын өлүмү жана алардын дареги тууралуу айтып берген. Алдын ала маалыматтар боюнча эне балдарын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн.