Жебегенди жеп, ичпегенди ичип… Эсепти төлөбөй, ресторандан тымызын кетип калган үй-бүлөнү баары издеп жатышат

Улуу Британиянын Ньюлин шаарында жайгашкан “Fisherman’s Arms” ресторанында 18-июнга туш келген Аталар күнүндө 4 чоң киши жана 2 бала эс алып, 215 стерлинг фунттан (24 миң сомдун тегереги) турган эсепти төлөбөй кетип калышкан. Ресторан соцтармак баракчаларында үй-бүлөнүн сүрөтүн жарыялап, катталуучуларынан аларды таанып калса, жардамдашууну суранышкан. Бул билдирүүгө бир гана өлкөнүн ири ЖМКлары эмес, тергөөнү баштаган полиция да көңүл бурду.

Үй-бүлө мүчөлөрү түрдүү тамак-ашка буюртма беришкен. Арасында коктейлдер, бир нече ысык тамак жана балдардын тамагы да бар. Аягында алардын ичинен бирөө барга келип, эсепти сураган. Ал дааратканага кирип кеткен аялдар чыгып төлөй турганын айткан. Бирок кийин алардын бирин да таппай калышкан. Видео көзөмөлдөн караган учурда бири экинчисине белги берип, экөө жол жактагы эшиктен, калганы арт жактагы эшиктен чыгып кетишкен.

Фото жана видеолор жарыяланган соң, алардын бирин таман таш төшөө боюнча фирманын директору деп таанышкан. Бирок ал чалуулардын бирине да жооп берген эмес.

«Мен 14 жылдан бери ресторан бизнеси менен алектенем. Ушундай окуяга биринчи жолу кабылдым. Адамдар эсепти төлөөнү унутуп кетип калган учурлар болгон, бирок алар кийин кайра чалып, төлөп кетишчү», — деп ресторандын менеджери журналисттерге билдирген.