«Жеке сиз кан төгүүнү токтотууга милдеттүүсүз». Янукович Зеленскийге кайрылды

«Жеке сиз кан төгүүнү токтотууга жана тынчтык макулдашуусуна жетишүүгө милдеттүүсүз». Бул тууралуу Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович учурдагы өлкө башчысы Володимир Зеленскийге кайрылды.

«Сиз чыныгы баатыр болууну кыялданып жаткан чыгарсыз. Бирок баатырдык бул элге көрсөтүү үчүн, акыркы украинге чейин согушуу үчүн жасалбайт. Сиздин «кеңешчилериңиз» көп экенин түшүнүп турам, бирок сиз бул кан төгүүнү токтотууга жана тынчтык макулдашуусуна жетишүүгө милдеттүүсүз. Муну сизден Украинада, Донбасста жана Орусияда күтүп жатышат», — дейт Виктор Янукович.

Виктор Янукович 2014-жылы Украинада толкундоолор башталганда өлкөдөн качып чыгып, Орусиядан баш паанек тапкан. 2019-жылы ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Орусиянын Башкы прокуратурасы Виктор Януковичти Украинага өткөрүп берүүдөн баш тарткан.