Жеки Чандын жаңы жарыяланган сүрөттөрү күйөрмандарынын маанайын түшүрдү

Дүйнөгө белгилүү кытайлык актёр Жеки Чан иш-чаралардын биринде күйөрмандары менен жолугушту.

Күйөрмандар анын сүрөттөрү жарыяланган соң, бала кездеги кумиринин бир топ карып калганын дароо байкап жаза башташты.

Жеки Чан азыр 69 жашта. Апрелдин башында ал 70ке чыгат. Анын ооруп жатканын жазышкан, бирок бул маалымат расмий тастыкталган эмес.