Жеки Чандын Шанхайдагы ооруканага түшкөнү айтылууда

Белгилүү кытайлык актёр Жеки Чан Шанхайдагы Лин Шан ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Meta MMA порталы дүйшөмбү күнү, 25-декабрда билдирди.

Такталбаган маалыматтарга караганда, 69 жаштагы актёрдун абалы оор, дарыгерлер ага бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатышат. ЖМКлар белгилегендей, Жеки Чандын ооруканага жаткырылганы тууралуу бардык маалыматтар кытайлык социалдык тармактардан активдүү өчүрүлүп жатат. Бул маалыматты бөлүшкөн колдонуучулардын аккаунттары жабылган деп жазат Meta MMA.

Учурда эч кандай расмий маалымат, ошондой эле актердун жакындары же жакындарынан расмий комментарий жок.