«Жер көчкү жүрө баштады». Италиядагы суу ташкындан 13 адам каза болду

Италиянын түндүгүндө суу ташкындан 13 адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун Ansa маалымат агенттиги билдирди.

18 500 колдонуучу электр жарыгысыз калды. 19-майда Эмилия-Романья чөлкөмүндө кооптуулуктун «кызыл» деңгээли сакталып, тургундарга жер көчкү жүрүшү мүмкүн экендиги эскертилүүдө. Ал жерде буга чейин 280ден ашык жер көчкү жүрсө, анын 120сы өзгөчө кооптуу болгон. 

Аймак ошондой эле жер көчкү жүрүү коркунучу бар болгон 250 жолду тоскон.